2026-01-25
2025-жылдын 18-декабрында Педагогика бөлүмүнүн ППКК программасынын 2-курсунун студенттери майрамдык торт кесүү менен башталган программада ак, кара, кызыл, көк жана жашыл түстөгү кийимдерди кийип, өздөрү даярдаган көрсөтүүлөрү менен иш-чаранын көркүн ачышты. Студенттердин бий номерлери программага өзгөчө шаң жана динамика тартуулады.
Бөлүмдүн окутуучулары да катышкан бул иш-чара студенттер менен окутуучулардын ортосундагы байланышты чыңдаган, социалдык тилектештикти жана бөлүмгө болгон таандык сезимин бекемдеген атмосферада өттү. Программа академиялык жашоо менен бирге социалдык жана маданий иш-чаралардын студенттердин өнүгүүсүндөгү маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди.
Педагогика бөлүмү катары студенттерибиздин академиялык гана эмес, социалдык жактан да өнүгүүсүн колдогон мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну максат кылабыз.
