2025-12-12


Студентибиз чоң ийгиликти багындырды


Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Жапаров 2025-жылдын 31-октябрында өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада өлкө боюнча өзгөчө жетишкендиктери менен айырмаланган 92 студентке Президенттик стипендияларды ыйгарды.
Быйылкы стипендиаттардын катарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен сегиз мыкты студентибиз да бул сыйлыкка татыктуу болду.

Алардын ичинде 2024–2025-окуу жылында илимий, чыгармачылык жана социалдык багыттардагы жогорку жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн, бөлүмүбүздүн Педагогикалык-Психологиялык кеңеш жана көмөк бакалавриат программасынын студенти Арина Нарбаева Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана 60 000 сом өлчөмүндөгү стипендия менен сыйланды.

Педагогика бөлүмү атынан студентибизди бул маанилүү жана сыймыктуу жетишкендиги менен чын дилден куттуктайбыз жана анын мындан аркы билим жолунда жана кесиптик карьерасында дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишүүсүн каалайбыз!