Ш.Есенов атындагы Каспий технология жана инженерия университетинин Филология жана спорт илимдери факультетинин окутуучусу, профессор доктор Буби-Айша Ильяскызы жана Педагогика факультетинин окутуучусу, профессор доктор Шолпан Сапарбайкызы Гуманитардык факультке барышты. Сапардын жүрүшүндө Есенов университетинин Казак тили жана адабияты кафедрасы менен Кыргыз-Түрк Манас университетинин ЖОЖдок Кийинки Билим Берүү институтунун Түркология кафедрасынын ортосундагы докторантура программаларынын алкагындагы потенциалдуу кызматташуулар боюнча талкуулар жүргүзүлдү. Талкууланган темалар студенттер менен алмашуу, окутуучулар менен алмашуу, докторанттар үчүн чет өлкөлөрдө стажировкалар, зарыл болгон учурда биргелешип жетекчилерди дайындоо жана жогоруда аталган кафедралар тарабынан биргелешкен илимий иш-чараларды жүргүзүү болду.