Бардык кафедраларды камтыган мамлекеттик экзамендер жана бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иштерин коргоосу 2026-жылдын 10-11-июнунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетте ийгиликтүү өттү.
Эки күнгө созулган экзамендер Кыргызстандагы ар кайсы университеттердин окумуштууларынан жана факультетибиздин окутуучуларынан турган комиссия тарабынан өткөрүлдү. Студенттерибиз чоң күч-аракет менен даярдаган жана билим алуу учурунда алган билимдерин калыстар тобунун алдында чоң толкундануу менен коргошту. Ийгиликтүү коргоодон кийин татыктуу бааларды алган жаш бүтүрүүчүлөрүбүздүн кубанычы жана сыймыгы жүздөрүнөн чагылып турду. Окууну аяктагандан кийин айрым студенттерибиз академиялык карьералык тепкич менен жогорулай беришет, ал эми башкалары кесиптик иш дүйнөсүнө кадам ташташат. Келечектеги пландары кандай болбосун, ар бир бүтүрүүчүбүз гуманитардык факультетти жана университетибизди өз тармактарында эң мыкты түрдө көрсөтөрүнө толук ишенебиз.







.jpeg)