Ички вертикалдык которулуу боюнча арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 15-июнуна чейин уланат. Гуманитардык факультеттин Билим берүү илимдери бөлүмүнө Кесиптик коллеждин бүтүрүүчүлөрү арыз бере алышат. Арыз бере тургандардын “Кыргыз-Түрк Манас университетинин горизонталдык жана вертикалдык которулуу жобосундагы” шарттар менен таанышып чыгуулары зарыл.