Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин деканаты факультетте окуган студенттер менен жолугушууну улантууда. Ушул алкакта 2026-жылдын 26-29-январы аралыгында Билим берүү илимдери жана Синхрондук котормо жана котормо бөлүмдөрүнүн студенттери менен жолугушуулар өткөрүлдү. Достук маанайда өткөн жолугушууларда студенттердин канааттануусу, каалоолору жана сунуштары талкууланды. Суроо-жооп форматындагы жолугушууларда студенттер тарабынан берилген суроолорго гуманитардык факультетинин деканы, бөлүм башчылары жана жолугушууга катышкан административдик кызматкерлер жооп беришти. Жолугушууда сөз сүйлөгөн гуманитардык факультетинин деканы, профессор, доктор Алпаслан Ашык, Кыргыз-Түрк «Манас» университети билим берүү ишмердүүлүгүн студентке багытталган мамиле менен улантып жатканын баса белгиледи. Профессор, доктор А. Ашык өз сөзүндө гуманитардык факультетинин деканы ар дайым студенттердин тарабында экенин айтып, бардык студенттерге окуу жашоосунда ийгилик каалады.


