2025-05-23


Профессор Ремзи Кузуоглунун семинары


2025-жылдын 22-май күнү Аксарай университети, тарых бөлүмүнүн окутуучусу профессор Ремзи Кузуоглу “Ассириялык соода колониялары доорунда Анатолиядагы аялдар” аталышында семинар берди. Семинарда профессор Ремзи Кузуоглу Анатолияда археологиялык казууларда табылган турак-жайлар, ал жерлердеги жашоо образы, Ассириялык соодагерлердин Анатолиядагы соода ишмердүүлүгү тууралуу баяндап берди. Ошондой эле Ассириялык ханышалардын бийликтеги саясий иштерде жана экономикалык маселелерде айрыкча соода жүргүзүүдө абдан таасирдүү болушкандыгын мисалдар менен белгиледи. Изилдөөлөр боюнча жалпы 23 500 байыркы ассириялык тилде жазылган клинопис тактайчалар табылган. Профессор Ремзи Кузуоглунун пикиринде бул клинопис тактайчалардан Анатолия жана Месопотомия ортосундагы соода, укук, тарых, социалдык жашоо, дин, тарыхый география тууралуу кенен маалымат алууга болот. Зор кызыгуу жараткан семинар суроо-жооптор менен аяктады.