2025-05-16
2025-жылдын 13-14 май күндөрү Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университети жана Наманган мамлекеттик университетинен келген окумуштуулар тарых бөлүмүндө болушту. 2025-жылдын 13-май күнү “Элибиздин тамыры терең-тарыхы кенен” аталышындагы иш-чара уюштурулду. Бул иш-чарада т.и.к.доцент Низамжан Гафуров “Ахсыкент археологиялык казуулардын жүрүшү” аталышындагы билдирүү сунду. Андан соң тарых бөлүмүнүн студенттери Мырзыгүл Кутманалы кызы жана Нурсултан Эсболов “Наманган археологиялык экспедициясы” аталышындагы 2024-жылдагы Наманга болгон сапар тууралуу мааалымат беришти. Ошондой эле бөлүмдүн магистранты Курманбек Хайдаров “Фергана өрөөнүндөгү этникалык кыргыздар” темасындагы изилдөөсү боюнча презентация жасады.
Ал эми 2025-жылдын 14-май күнү Манас ТВнын “Тема” программасында Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары профессор Нариман Дехканов, профессор Боходыр Ганиев жана КТМУнун профессору Кубатбек Табалдиев эки окуу жай тарабынан жүзөгө ашырылган орток археологиялык изилдөөлөр, кызматташтыктар тууралуу маек куруп беришти. КТМУ менен Наманган мамлекеттик университети менен кызматташуу быйыл да уланмакчы, жакында тарых бөлүмүнүн окутуучулары, магистранттары жана студенттери Наманган мамлекеттик университетине кайрадан барышат.