Кесиптик колледжибиздин окутуучулары доцент, PhD Гүлнара Карадениз жана Гулзаада Абдралиева жетекчилик кылган «Санариптик маркетинг жана коддоо көндүмдөрү аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды колдоо: Бишкектеги жатак-мектептерде практикалык окутуу программасы» (KTMÜ-YÖN-2025.SB.06) аттуу илимий долбоор ишин улантууда.
Долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы жатак-мектептерде билим алып жаткан жаштарга санариптик маркетинг жана негизги коддоо багыттарында практикалык сабактар өткөрүлдү. Программа жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, алардын келечектеги ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана коомдогу активдүү катышуусун күчөтүүгө багытталган.
Долбоордун өзгөчө бөлүгү катары Бишкек шаарындагы №1 жатак мектебинде, №80 мектепте жана Таш-Дөбө жатак мектебинде 4 жума бою үзгүлтүксүз окутуу сабактары жүргүзүлдү. Бул демилге кеңири окуучу аудиториясын камтып, санариптик билим берүү тармагында олуттуу практикалык таасир жаратты.

.jpeg)

