КТМУ Кесиптик колледждин 2025-2026 окуу жылынын Жазгы семестринин башталышына байланыштуу Академиялык жыйын 2026-жылдын 23-январында саат 14:00дө өткөрүлдү.
Жыйналышта Кесиптик колледждин мүдүрү профессор Мирбек Турдиев өткөн Күзгү семестрге жалпы баа берди. Жаңы жазгы семестр үчүн окутуучу курамдын сунуштары жана ой-пикирлери алынды; сабак жүктөмдөрү, сапат саясаты, тармактык практика жана кызматташтык келишимдери менен максаттар аныкталды. Ошондой эле студенттердин академиялык жана социалдык өнүгүүсүн колдоого багытталган пландар талкууланды.
Жыйын, 2025-2026-окуу жылынын жазгы семестри жемиштүү, ийгиликтүү жана тынч өтүшүн каалоо менен жыйынтыкталды.