Имараттарды куруу программасынын бүтүрүүчүлөрү — Атабек Кубанычбеков (Велесстрой, Россия), Айгерим Оторбаева (Технова, Бишкек), Мырзайым Максатбекова (Бишкек курулуш), Расул Бектенов (Велесстрой, Россия), Сыймык Оморбеков (Велесстрой, Россия) жана Мадина Жумабекова (Технова, Бишкек) — студенттер менен жолугуп, өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, мотивациялык семинар өткөрүштү.
Иш-чарада студенттер кесиптик өсүү, карьералык мүмкүнчүлүктөр жана окуу процессинде теория менен практиканын маанилүүлүгү тууралуу пайдалуу маалыматтар алышты.
Жолугушууну окутуучу Гүлмира Ажыгулова уюштурду. Иш-чара студенттер үчүн мотивациялык мааниге ээ болуп, келечектеги пландарын аныктоого салым кошту.




