2026-01-28

Иш берүүчү менен жолугушуу иш-чарасы өткөрүлдү


2025-жылдын 13-январында Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо программасынын бүтүрүүчүсү Мелис Махаматжан уулу студенттер менен жолугушуп, өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

Колледжди 2014-жылы ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчү учурда курулуш тармагында жетекчи адис болуп эмгектенип келет. Жолугушуунун жүрүшүндө ал 1–2-курстун студенттерине окуу процессинде теория менен практиканын байланышынын маанилүүлүгүн, кесиптик өсүү жолдорун жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу пайдалуу кеңештерин берди.

Бул жолугушуу студенттер үчүн мотивациялык мааниге ээ болуп, алардын келечектеги кесиптик багытын аныктоосуна өбөлгө түздү. Иш-чараны колледжибиздин окутуучусу Гулмира Ажыгулова уюштурду.