2025-12-15

SHERATON Экскурсиясы


Менеджмент программасынын 1-курсунун студенттери окутуучу Рашит Йылмаздын жетекчилигинде SHERATON мейманканасына экскурсияга барышты. Студенттер ресепшн, адам ресурстары, сатуу–маркетинг жана бухгалтерия бөлүмдөрүн көрүп, иш процесстерин жеринен байкап, практикалык тажрыйба топтоду. Бул экскурсия теориялык билимдерди реалдуу сектордо колдонууга чоң мүмкүнчүлүк берди.