Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин Социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында 2025-жылдын 13-декабрында Кесиптик колледжибиздин окутуучулары Гулнара Карадениз, Мурат Авжы, Гулзаада Абдралиева жана Жаӊыл Махфурова тарабынан Бишкек Парк соода борборунда «Балдарга интернеттин тийгизген зыяны жана аны аң-сезимдүү пайдалануу» аттуу социалдык жоопкерчилик иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелерге балдардын интернетти туура жана коопсуз колдонушу боюнча маалымат берилди, интернеттин мүмкүн болуучу терс таасирлери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү, ошондой эле Манас университетинин социалдык жоопкерчилик багытындагы ишмердүүлүгү тааныштырылды. Бул максатта ата-энелерге интернетти туура колдонууга арналган маалыматтык брошюралар таратылып, балдарга белек катары шарлар берилди.


.jpeg)
