Кыргыз-Түрк ‘Манас’ Университетинин Социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында, 2025-жылдын 12-декабрь күнү Кесиптик колледждин окутуучулары Гулмира Ажыгулова жана Гулнара Карадениз Бишкек шаарындагы “Үмүт” карылар үйүнө барып келишти.
Бул иш-чара улгайган адамдардын күнүн утурлай өткөрүлүп, алар менен баарлашып, абалын сурап, жылуу сөздөрүн угуу максатында уюштурулду. Окутуучулар карылар үйүндө жашап жаткан ар бир адамга көңүл буруп, көңүлдүү жана жайлуу атмосфераны түзүүгө аракет кылышты. Бул сапар улгайган адамдарга көңүл буруп, коомдун ардактуу мүчөлөрүнө урмат көрсөтүү маанисинде өтүп, чыныгы гуманизмдин жана коомдук жоопкерчиликтин үлгүсү катары эсте калды.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)