2025-жылдын 10-декабрь күнү, КР Президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн дээрлик бардык тармагына тиешелүү «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолу (мындан ары – Уӊгужол) жөнүндөгү жарлыгынын алкагында, Кесиптик колледжибиздин Мектепке чейинки билим берүү жана Курулуш программаларынын 2-курс студенттери Чыңгыз Айтматовдун 97-жылдыгына арналган «Саманчынын жолу» аттуу спектаклин ийгиликтүү коюшту. Бул иш-чара студенттердин чыгармачылык потенциалын жана маданий рухун жогору көтөрүп, көрүүчүлөргө терең ой жараткан таасирдүү көркөм чыгарманы тартуулоого багытталган. Спектакльдө Айтматовдун чыгармаларынын баалуулугу жана биздин улуттук маданиятка болгон урмат-сый ачык чагылдырылды.
Студенттерге жетекчилик кылышкан окутуучуларыбыз Гулмира Ажыгулова жана Гулзаада Абдралиевага терең ыраазычылык билдиребиз. Алардын колдоосу менен бул чыгармачылык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү жана көрүүчүлөрдө күчтүү таасир калтырды.



.jpeg)
.jpeg)