2025-12-12

Айтматовдун 97-жылдыгына арналган «Саманчынын жолу» спектакли коюлду


2025-жылдын 5-декабрь күнү Бишкек шаарындагы №148 "Баластан" ясли-бакчасында тарбиячы-педагогдор жана И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжинин студент-практиканттары үчүн өзгөчө маданий иш-чара уюштурулду.

Бул күнгө карата биздин КТМУ Кесиптик колледждин "Мектепке чейинки билим берүү" жана "Курулуш" программаларынын 2-курс студенттери тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 97-жылдыгына арналган «Саманчынын жолу» спектакли коюлду. Спектакль студенттердин сахнага чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүп, көрүүчүлөргө терең эмоция жеткирди. Көрүүчүлөр чыгарманын мазмунуна жана студенттердин актердук чеберчилигине жогору баа берип, жылуу пикирлерин айтышты. Иш-чараны уюштурууда окутуучулар Гүлзаада Абдралиева жана доцент Гүлмира Ажыгулова жетекчилик кылышты. Спектакль студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, маданий баалуулуктарды урматтоо жана билим берүү чөйрөсүндө практикалык көндүмдөрдү бекемдөө максатында өткөрүлдү.