2025-жылдын 11-декабрь күнүн Менеджмент программасынын 2-курсунун студенттери окутуучу Рашит Йылмаздын жетекчилиги менен «Конгресс жана Көргөзмө Башкаруу» сабагынын алкагында Sheraton мейманканасына техникалык саякат жасашты. Саякатка SHERATON мейманканасынын Конок мамилелери боюнча менеджери Назифа Хамидова коштоп барды. Баруу учурунда студенттерге мейманкананын конференция, конгресс, семинар жана жолугушуу залдары кеңири тааныштырылды. Ошондой эле мекемеде конгресс жана көргөзмө иш-чараларынын кантип пландаштырылып, уюштурулары тууралуу жалпы маалымат берилди.
.jpeg)
