Менеджмент программасынын 1-курсунун студенттер окутуучу Рашит Йылмаздын жетекчилигинде NOVOTEL мейманканасына экскурсияга барышты. Экскурсия учурунда NOVOTELдин башкы менеджери Гүвен Жанбулат студенттерге мейманкананын жалпы түзүлүшү, башкаруу системасы жана иш процесстери боюнча кеңири маалымат берди. Студенттер мейманкананын ар кандай бөлүмдөрүн — ресепшн, кат кызматтары, адам ресурстары, сатуу–маркетинг жана бухгалтерия сыяктуу бөлүмдөрдү кыдырып, алардын иш жүргүзүү тартибин жеринен көрүп, тажрыйба топтошту. Экскурсиянын негизги максаты — студенттердин теориялык билимдерин реалдуу сектордун иш чөйрөсүндө байкоого, практикалык тажрыйба алууга шарт түзүү болуп эсептелет. Иш-чара студенттер үчүн кесиптик жана практикалык жактан маанилүү тажрыйба болду.
Программанын соңунда студенттер көрсөтүлгөн көңүл буруу жана бөлүшүлгөн баалуу маалыматтары үчүн башкы менеджер Гүвен Жанбулатка жана NOVOTEL жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.
