2026-04-30


Улуттук дем — жаштардын жүрөгүндө


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан сунушталган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Кесиптик колледжи жаштар арасында улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталган өзгөчө иш-чара өткөрдү.

2026-жылдын 26-апрелинде кооз Чункурчак жайлоосунда Маркетинг программасынын окутуучусу Гулнара Карадениз тарабынан уюштурулган “Улуттук оюндарды жаштарга тааныштыруу” аттуу иш-чара жогорку деңгээлде өттү.  Табият менен улуттук рух айкалышкан бул күнү студенттер кыргыз элинин бай маданий мурастарынын ажырагыс бөлүгү болгон улуттук оюндарга активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аркан тартыш, чуко атмай, оромпой, ак чөлмөк, жоолук салмай жана хан ордосу сыяктуу оюндар ойнотулуп, катышуучулар шамдагайлыкты, тапкычтыкты жана биримдикти көрсөтө алышты.

Ошондой эле иш-чара өзгөчө маанай менен коштолуп, студенттер селкинчек тееп, улуттук ырларды аткарышып, кыргыз элинин руханий дүйнөсүн жандуу чагылдырышты. Бул көрүнүш иш-чарага жөн гана оюн эмес, чыныгы улуттук атмосфера тартуулады.  Иш-чаранын негизги максаты — жаш муунга улуттук оюндардын тарыхый жана тарбиялык маанисин жеткирүү, мекенчилдик сезимди күчөтүү жана маданий мурастарга болгон кызыгууну арттыруу болду.

 Мындай иш-чаралар жаштардын аң-сезиминде улуттук өзгөчөлүктү калыптандырууда жана аларды дүйнөлүк деңгээлде атаандаша алган инсан катары тарбиялоодо маанилүү кадам болуп саналат.