2026-04-24


Колледж студенттери “Сармерден” оюнунда күч сынашты


Кылымга аты дал келген,
Кызыктуу оюн — сармерден.
Жашоого аты дал келген,
Жаштардын оюну — сармерден.

2026-жылдын 6-апрелинде Кесиптик колледжибизде студенттердин ынтымагын бекемдөө жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында “Сармерден” аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара колледждин Студенттик кеңеши тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү.

Сармерден — кыргыз элинин салттуу оюн-зоок маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бул оюнда жаштар тапкычтык, акылдуулук жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүп, ыр-күүлөр, табышмактар жана тамашалар аркылуу өз ара күч сынашты.

Иш-чарага колледждин студенттери активдүү катышып, ар түрдүү топтор ортосунда кызыктуу таймаштар уюштурулду. Катышуучулар өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты. Жыйынтыгында, өзгөчө активдүүлүк жана чыгармачылык көрсөткөн командалар белгиленип, уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык билдирилди.

Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө, улуттук маданиятты сактоого жана жаштардын ортосундагы достукту бекемдөөгө чоң салым кошот.