2025-04-25


"Сүйлөө маданиятынын коомдогу орду" аттуу семинар


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин   көркөм өнөр факультетинин театралдык искуссво бөлүмүнүн  ага окутуучусу -  Таалайгүл Ташманбетова  2025-жылдын 25-апрелинде  “Сүйлөө маданиятынын коомдогу орду” аттуу семинар өткөрүлдү. İİBF-001   уюштурулган иш-чарага театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Тыналиева, музыка бөлүмүнүн ага окутуучулары Эльвира Насырамбекова, Айша Саралаева жана студенттер катышты.

Семинар төкмө акын, обончу, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Элмирбек Иманалиевдин сүйүү ырларын 3-курстун студенттери  көркөм жана жеткиликтүү  аткаруусу менен башталды. Андан соң теманын алкагында келген конокторго сөз берилип, музыка бөлүмүнүн ага окутуучусу Эльвира Насырамбекова - сүйлөө маданияты коомдук жайларда айрыкча коомдук транспорттордо күнүмдүк колдонуулуучу сүйлөө маданияты, этикасы жана балуулугу жоголуп баратканын эске салып, башынан өткөн окуясын бөлүшүп, кайдыгерлик ирээтинде  сыпаттап баарыбыз биргеликте кемчиликти  жоюуга чакырды. Сүйлөө маданиятынын чыныгы өкүлдөрү маданият жана билим тармагы экенин белгилеп, поэзия аркылуу да таасир берип, өзгөртүүгө жана өнүгүүгө боло  тургандыгын белгилеген бөлүм башчы Гүлмира Тыналиева белгиледи.

Семинардын уюштуруучусу, ага окутуучу Таалайгүл Ташманбетова бул академиялык семинар  маданият, тил, адабият, искусство сыяктуу көптөгөн тармактарда орток пикирлерди колдонуу жана жайылтууга жөнөкөй  көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк  түзүп сүйлөө маданияттын баардык жерде орнош керектиги, тармагына жараша өзгөрүп эки жүздүү болбоого, үйрөнгөн билимди ишке ашыруу ошондой эле келечек муундарга жеткирүү боюнча ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин баса белгилеп, семинарды жыйынтыктады.