2025-10-02


Симпозиум / Түрк дүйнөсүнүн маданият коддору . "ашигдан Узеир Гаджибейлиге чейин”


2025-ж. 25-26- сентябрда Баку шаарында Азербайджан Республикасынын Маданият министрлиги, Түрк маданиятынын фонду, Азербайджан Улуттук Консерваториясы жана Азербайджандын Илимдер Академиясынын фольклор Институту тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн маданият коддору: ашигдан Узеир Гаджибейлиге чейин” темадагы эл аралык симпозиум өткөргөн. “Музыкалык искусство” бөлүмүнүн башчысы,доцент Карагул Тиленчиев бул симпозиумга “Узеир Гаджибековдун “Кероглу” операсы түрк элдердин биримдигинин символу” темадагы доклады менен катышты.