‘ManasTech’ инновациялык лабораториясынын алкагында, Экологиялык инженерия бөлүмүнүн 1- курсунун студенттери жана Кыргызстан Орнитология ассоциациясы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жаратылышты кичинекей үйлөр сактап калат" аттуу долбоор, MoveGreen экологиялык уюмунун “Жашыл Кыймыл 2.0” демилгеси аркылуу 650 АКШ доллары өлчөмүндө гранттык колдоого ээ болду. Долбоордун максаты – университеттин кампусунда биологиялык ар түрдүүлүктү арттыруу үчүн курт-кумурскалар үчүн атайын "отельдерди" жана куш уяларын куруу, муну менен экосистеманын жакшыртылышына салым кошуу болуп эсептелет.