2025-12-10
Инженердик факультети жаңы келген студенттерди тосуп алуу жана окуу жылын мотивациялуу баштоосун камсыз кылуу максатында салттуу "Инженердикке кош келиңиз" иш-чарасын уюштурду. 2025-жылдын 4-декабрында, бейшемби күнү, Конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн программага факультеттин деканы, бөлүм башчылары, окутуучулар жана көп сандаган студенттер катышты. Иш-чара жаңы студенттерди факультет үй-бүлөсү менен тааныштырып, ошондой эле учурдагы студенттердин жакындашуусуна шарт түздү.
Саат 16.00'да башталган программа, декан жана бөлүм башчыларынын ачылыш сөздөрү менен старт алды. Баяндамачылар студенттерге инженердик кесиптин маанилүүлүгүн айтып, жаңы академиялык жашоосунда ийгиликтерди каалашты. Сүйлөгөн сөздөрдөн кийин, факультет боюнча ийгиликтерди көрсөткөн студенттерге сертификаттарды тапшыруу аземине өтүлдү. Өнөр жай инженериясы бөлүмүнөн Феруза Тыныбек кызы, Айгерим Бакашова жана Мырзагүл Сталбек кызы да өздөрүнүн жогорку жетишкендиктеринин натыйжасында сертификат алган студенттердин арасында болушту.
Аземден кийин студенттер тарабынан уюштурулган билим таймашы иш-чарага өзгөчө түс берип, жагымдуу көз ирмемдерге себеп болду. Таттуу атаандаштыктын коштоосунда өткөн таймаштын жыйынтыгында алдыңкы үч орунду ээлеген студенттерге ар кандай сыйлыктар тапшырылды. Саат 18.00'дө аяктаган иш-чара, расмий аземдин олуттуулугун студенттердин энергиясы менен айкалыштырып, бардык катышуучулар үчүн унутулгус эскерүү болуп калды жана факультетке болгон таандыктык сезимин күчөттү.
