2025-04-18


“Industry Manas” клубунун расмий ачылышы


2025-жылдын 11-апрелинде Кыргыз-Түрк Манас университетинин Өнөр-жай инженерлиги бөлүмүндө өзгөчө мааниге ээ жыйын болуп өттү. Иш-чарада бөлүмдүн студенттери чогулуп, “Industry Manas” аттуу жаңы студенттик клубдун расмий ачылышына күбө болушту.

Ачылышка бөлүм башчысы, Доц.м.а.док.Селчук ГƟРЕН агай жана бөлүмдүн студенттери катышып, иш-чара жылуу маанайда өттү. Бул жыйындын негизги максаты — бөлүмдөгү студенттерди бириктирүү, өз ара таанышуу жана клубдун ишмердүүлүгүнө старт берүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө “Industry Manas” клубунун алдыдагы максаттары, пландары тууралуу кеңири маалымат берилди. Андан соң катышуучулар үчүн интеллектуалдык оюн уюштурулуп, активдүү катышкан студенттер кызыктуу белектер менен сыйланышты. Жыйын соңунда болсо, достук жана баарлашуу маанайындагы фуршет уюштурулуп, студенттер өз ара пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

“Industry Manas” — бул студенттердин кесиптик жана интеллектуалдык жактан өсүүсүнө өбөлгө түзгөн, практикалык билимге багытталган жана өнөр жай тармагы менен байланышты чыңдоону максат кылган жаңы студенттик бирикме. Клуб мындан ары да билимди, демилгени жана командалык рухту алдыга сүрөйт деп ишенебиз.