2026-03-18


Тамак-аш бөлүмү “Бир Айыл Бир Продукт” борборунда


2026-жылдын 18-март айында инженердик факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн т.и.к. Айбек Бодошов агайдын жетекчилигинде бөлүмдүн 2-курсунун студенттери  Кыргызстандагы Эл аралык кызматашуу Япон агенствосу «JICA» тарабынын колдоосунда иштеп жаткан “Бир Айыл Бир Продукт” долбоорунун Бишкек шаарындагы филиалында  өндүрүштүк-таанышуу семинары өткөрүлдү. Семинарда “Бир Айыл Бир Продукт” долбоорунун Бишкектеги офисинин жетекчиси Наргиза Эркинбаева тарабынан долбоор тууралуу кенен маалыматтар берилип, өндүрүштө экскурсия долбоордун адистери тарабынан өткөрүлдү. Жыйынтыгында студенттерге практика өтүү тууралуу жана биргелешкен тамак-аш тармагында долбоорлордун үстүндө иштөө мүмкүнчүлүктөрү жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка алуу тууралуу маселелер каралды.