2026-01-26


Идеяңды бир саатта ишке ашыр


аттуу CAYU компаниясынын негиздөөчүсү Замир Акимбеков менен жолугушуу
 
күнү: 2026-жылдын 27-январы
сааты: 11:00–12:00
аудитория: 525
Сиздерди Сан-Францискодо негизделген CAYU AI-стартапынын негиздөөчүсү Замир Акимбеков менен жолугушууга чакырабыз.
CAYU — бул ChatGPT сыяктуу, бирок реалдуу бизнес-тиркемелерди түзүү үчүн сунушталат. Компаниялар AI чечимдерин айлар эмес, бир нече мүнөттүн ичинде ишке киргизе алышат.
Спикер жөнүндө:
• Сан-Францискодо AI технологияларын бизнесте колдонуу боюнча 10 жылдан ашык тажрыйба;
• McKinsey жана C3 AI компанияларында иштеген;
• University of California, Davis, PhD жана MS илимий даражаларына ээ.
Жолугушууда Замир:
• глобалдык рынокко багытталган AI-стартапты кантип куруу керектигин;
• стартаптын алгачкы баскычтарында эмнелер чындап маанилүү экенин;
• катышуучулардын суроолоруна жооп берет.
Жолугушу AI менен стартаптарга кызыккан студенттерге пайдалуу болот.
Уюштуруучу: Чинара Жумабаева