2025-05-29
Бишкек, 25-май, 2025-жыл — Бөлүмүбүздүн 4 курс студенти Нуртилек Алибеков, “Жаңырган Акыл 2025” аталышындагы Жасалма Интеллект Технологиялары боюнча хакатон жыйынтыгында 1-орунду багынтты.
Бул хакатон — Кыргыз Республикасындагы инновациялык жана технологияга басым жасаган эң ири иш-чаралардын бири болуп, 24-25-май күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өткөрүлдү. Иш-чарага дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн келген 200дөн ашуун программисттер, дизайнерлер жана ишкерлер катышып, заманбап LLM (мисалы, OpenAI, Anthropic, HuggingFace ж.б.) API'лерин колдонуп, реалдуу көйгөйлөргө технологиялык чечимдерди сунушташты.
Нуртилек Алибеков жетектеген команда иштеп чыккан долбоор калыстар тарабынан эң мыкты деп табылып, инновациялуулугу, практикалуулугу жана техникалык аткарылышы жагынан жогору бааланды. Жеңүүчү катары Нуртилек акчалай сыйлык, mentorship программасына жолдомо жана башка баалуу белектер менен сыйланды.