2025-12-04
«Факультетибизге кош келиңиздер» кечеси шаңдуу өттү
2025-жылдын 1-декабрында факультетибиздин 1-курсунун студенттери үчүн уюштурулган «Кош келиңиздер» кечеси салтанаттуу өткөрүлдү. Салтка айланып калган бул иш-чара факультетибиздин бардык окутуучулары менен студенттеринин, айрыкча 2-курстун студенттеринин активдүү катышуусунда өттү.
Кеченин ачылыш сөзүн факультетибиздин деканы, профессор Камалбек Карымшаков сүйлөп, өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Кымбаттуу студенттер! Факультетибизге жана университетибизге кош келиңиздер! Университетибиздеги эң биринчи түптөлгөн факультеттердин бири катары Экономика жана башкаруу факультети бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой, алдыңкы факультеттердин бири катары таанымал. Буга чейин факультетибизде окуп кеткен бүтүрүүчүлөрүбүз мамлекеттик сектордо болобу же жеке сектордо болобу, бүгүнкү күндө эң көп талап кылынган кесиптерде эмгектенип келишет. Силер дагы университетибиз сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, мыкты адис болуп чыгарыңарга чын дилимден ишенем. Бул мүмкүнчүлүктөрдү текке кетирбей, ийгиликке жетүү силердин колуӊарда. Баарыңарга жаркын келечек жана чоң ийгиликтерди каалайм!»
Кеченин акырында факультетибиздин деканынын орун басары, доценттин м.а. Муратали Абдылдаев бардык студенттерди майрамы менен куттуктап, кечени уюштурууга салым кошкон студенттерди «Ыраазычылык грамоталары» менен сыйлады.


