2025-12-04


2025-жылдын 24-ноябрында “Банк секторунда карьера куруу” темасында семинар уюштурулду.


2025-жылдын 24-ноябрында КТМУ Карьера өнүктүрүү кеңсеси тарабынан экономика жана башкаруу факультетинин 4-курстарынын студенттерине “Банк секторунда карьера куруу” аттуу темада семинар уюштурулду.

Семинар DemirBank ЖAKнун HR- адистери Махмутова Ирада жана Матираимова Нурайым тарабынан берилди. Семинарда банк секторунда карьеранын өзгөчөлүктөрү, карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү, корпоративдик тренингдер жана банкта өндүрүштүк практикадан жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү, резюме түзүүдө кетирилген каталар тууралуу маалымат берилди.

Андан соң студенттер үчүн электрондук тестирлөө уюштурулуп, тесттен ийгиликтүү өткөн талапкерлер  Демирбанкка практикага чакырылды.