2025-12-04
2025-жылдын 17-ноябрында, Эл аралык студенттер күнүнө карата КТМУ Карьера өнүктүрүү кеңсеси тарабынан экономика жана башкаруу факультетинин 4-курстарынын студенттерине “Банк секторунда карьераны башкаруу” аттуу темада конок лекция уюштурулду.
Лекция BakaiBank AAKнун HR- директору Октябрина Айсулуу жана анын командасы тарабынан берилди. Лекцияда банк секторунда карьеранын өзгөчөлүктөрү, профессионалдык өнүгүү траекториясы тууралуу кызыктуу маалыматтар берилди. Айсулуу айым банк секторундагы реалдуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, бүгүнкү күндө талап кылынган көндүмдөр, атаандаштыкка жөндөмдүү резюмени түзүү керектиги жана адамдык капиталды өнүктүрүүнүн мааниси жөнүндө айтып берди.
Андан соң жалпы “Финансылык сабаттуулук” тууралуу kahoot аркылуу суроолор студенттерге берилип, жеңүүчүлөргө Банктын символикасы жайгаштырылган ар кандай белектер тапшырылды.