2025-04-16


Эл аралык олимпиада 2025


2025-жылдын 10-апрелинде Түркмөнстан Мамлекеттик Экономика жана Башкаруу Институтунда III Ачык Эл аралык Макроэкономика  боюнча олимпиада өттү. Түркмөнстан менен Германия, Россия Федерациясы, Беларусь Республикасы, Армения, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Пакистан жана  Кыргызстан сыяктуу чет өлкөлөрдөн, жалпы 30 жогорку окуу жайынан 110 студент катышты. Бул олимпиадада экономика факультетинин студенттери Уланова Нагима жана Акжолов Адылбек 1-орунга ээ болушту. Рустемова Уулай 2-орунду, ал эми Барыктабасова Айсулуу 3-орунду багындырышты. Студенттерибизди жана доц., PhD Замира Өскөнбаеваны куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.