2025-12-15


Кинорежиссер Чыңгыз Нарыновдун "Мерген" көркөм фильмин көрсөтүү жана режиссер м-н мастер класс


2025-жылдын 10-декабрында Коммуникация факультетинин Артыкпай Сүйүндүков атындагы кинозалында белгилүү режиссер Чыңгыз Нарыновдун «Мерген» толук метраждуу көркөм тасмасынын көрсөтүүсү болду. Иш-чарага тасманын автору Чыңгыз Нарынов атайын конок катары катышты.

Бул тасма Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында тартылып, алгачкы бет ачаары 2025-жылдын июнь айында Бишкек эл аралык кинофестивалында өткөн. Көрсөтүүгө Радио, ТВ жана киноискусство, Журналистика, ошондой эле Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмдөрүнүн студенттери катышты.

Фильмден соң режиссер менен студенттердин ортосунда кызуу талкуу уюштурулду. Чыңгыз Нарынов кыргыз эл мифологиясынын элементтери камтылган криминалдык драманы жаратуу процесси, тартуу учурундагы кызыктуу учурлар, тасмадагы чыгармачыл чечимдер боюнча жана өзүнүн кесиптик тажрыйбасы тууралуу кенен маалымат берди.