2024-11-27
Этнофесттин алкагында бай мазмундуу жана ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү. Көркөм өнөр факультетинин студенттери салттуу маданиятты чагылдырган таасирдүү көрсөтүүлөрү менен фестивалга өзгөчө көрк кошушту. Иш-чаранын дагы бир маанилүү бөлүгү — «Тилимпоз» долбоорунун негиздөөчүсү Тилек Мирлан тарабынан сунушталган презентация болду. Тилек Мирлан кыргыз тили тууралуу маалыматтык баяндама жасап, анын мааниси, тарыхы жана сакталышы керек болгон баалуулуктары жөнүндө катышуучуларга кеңири түшүндүрмө берди.
Ошондой эле, студенттер тарабынан даярдалган «Кыргыз тилинин тарыхы» аттуу даректүү тасманын көрсөтүлүшү чоң кызыгууну жаратты. Бул тасма кыргыз тилинин өткөн доорлордон бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүүсүн жана коомдук жашоодогу ордун көркөм баян аркылуу чагылдырды.
Программанын уландысында болсо салттуу ырлар, элдик бийлер жана этно-тематикалык кыскача көрсөтүүлөрдөн турган “этно-фуршет” бөлүгү менен көрүүчүлөргө маданий шоу тартууланды.
