2025-03-25
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери үчүн Коммуникация факультетинин Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн окутуучусу доц.м.а., докт. Мээрим Артышева тарабынан “Медиа жана жасалма интеллект” темасында окутуу-семинар уюштурулду.
Бул семинардын негизги максаты — медиа кызматкерлеринин жасалма интеллект технологиялары тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү, бул технологияларды профессионалдык деңгээлде контент жаратууда кантип колдонсо болорун үйрөтүү жана практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу болуп саналат.
Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө катышуучуларга жасалма интеллекттин тарыхый өнүгүүсү, негизги түшүнүктөрү жана иштөө принциптери тууралуу кеңири маалымат берилди. Жасалма интеллекттин социалдык медиа, коммуникация, жарнама жана телеберүү тармактарындагы трансформациялык ролу мисалдар менен түшүндүрүлдү.
Семинардын практикалык бөлүгүндө учурда кеңири колдонулуп жаткан бир катар жасалма интеллект негизиндеги программалардын өзгөчөлүктөрү жана колдонуу алгоритмдери катышуучуларга тааныштырылды. Алар төмөнкүдөй программаларды камтыды:
ChatGPT – текст жаратуу, түзөтүү жана мазмун пландаштыруу
Midjourney – жасалма интеллект аркылуу көркөм сүрөт жана визуал түзүү
HeyGen – видео даярдоо жана аватар менен презентация жасоо
Grok – маани чыгаруучу жана суроо-жооп колдонмолору
Perplexity – булакка негизделген маалымат издөө жана изилдөө жардамчысы
SunoAI – жасалма интеллект менен музыка жаратуу
Claude – көлөмдүү текстти талдоо жана документтерди башкаруу
Семинардын соңунда катышуучуларга ар түрдүү сценарийлер сунушталып, алар тандаган жасалма интеллект программаларын колдонуп өз алдынча контент жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
