2025-04-11


«Маариф» билим берүү комплексинин 6-7-классынын окуучулары үчүн «Санариптик коопсуздук» боюнча семинар


Семинарда окуучулар санариптик коопсуздуктун негизги аспектилери менен таанышты. Киберкоркунучтар, мисалы: фишинг, вирус, аккаунттарды бузуу жана интернеттеги алдамчылык сыяктуу темалар талкууланды. Жеке маалыматтарды кантип коргоо керектиги тууралуу айтып, күчтүү сыр сөздөрдү түзүү, эки фактордуу аутентификация жана интернетте этият болуу жолдору көрсөтүлдү.

Социалдык тармактардагы коопсуздук боюнча окуучуларга маалымат бөлүшүүнүн коркунучтары жана купуялуулукту туура орнотуу боюнча кеңештер берилди. Кибербуллинг маселеси өзүнчө каралып, ал санарип доорунун социалдык көйгөйү катары талданды. Анын түрлөрү, жөнөкөй уруштан айырмасы, жана чындык менен мифтер талкууланды. Кибербуллингдин белгилерин кантип айырмалоо керектиги жана мындай учурда кандай аракет көрүү керектиги тууралуу маалымат берилди.

Семинардын аягында медиа сабаттуулук жөнүндө сөз болуп, окуучулар интернеттеги маалыматты кантип туура кабыл алуу, жалган маалыматтарды таануу жана манипуляцияга алдырбоо ыкмаларын үйрөнүштү. Окуучулар активдүү катышып, лекторлорго суроолорду беришти. Иш-чаранын интерактивдүү бөлүгүндө туура жооп берген мектеп окуучуларына таттуу белектер ыйгарылды. Бул ыкма окуучулардын кызыгуусун арттырып, темага болгон көңүлүн бекемдеди