2025-04-16


Доц.м.а. Венера Наринова "Рекламада маданий өзгөчөлүктөр" аталышында семинар өткөрдү


Бул семинар маданияттын жарнамага жана визуалдык коммуникацияга тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Катышуучулар маданий контекст түшүнүгү менен таанышып, бир өлкөдө натыйжалуу болгон жарнама башка өлкөдө туура эмес түшүнүлүшү же терс реакция жаратышы мүмкүн экенин билишти. 

Семинарда Геерт Хофстеденин маданий өлчөмдөр теориясындагы Индивидуализм жана коллективизм, бийлик аралык аралык, белгисиздиктен качуу, маскулиндүүлүк жана фемининдүүлүк, узак мөөнөттүү багыт сыяктуу түшүнүктөр талкууланды. Бул маданий көрсөткүчтөр жарнаманын мазмунуна жана стилине кандай таасир этери айтылды.

Ошондой эле географиялык аймактардын маданий өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди — Азия, Европа, АКШ, Араб өлкөлөрү жана Латын Америкасы. Ар кандай өлкөлөрдөн алынган жарнамалык видеолордун мисалдары көрсөтүлүп, маалыматты берүү стили, баалуулуктар жана кайрылуу ыкмалары салыштырылды.

Кошумча, веб-сайттардын дизайнынын маданиятка ылайыкташтырылышы каралды: түстөр, структура, визуалдык образдар жана маалымат берүү форматы улуттук маданий баалуулуктарды кандайча чагылдыраары талкууланды. Япония, Кытай, Түштүк Корея, Араб мамлекеттеринден алынган сайттардын мисалдары түшүндүрмө катары колдонулду. Семинардын катышуучуларына суроолор берилип, интерактив түрүндө аяктады.