2025-04-09
Бул семинар 3-4-курс студенттери үчүн уюштурулган. Семинардын алкагында, окууну бүткөндөн кийин же окуу учурунда жумушка орношууда иш берүүчүлөр тарабынан бааланган резюме (өмүр баян) жана маектешүүнүн мааниси, көңүл бурууга тийиш болгон жагдайлар, иш берүүчүлөр көбүнчө эмнелерге көңүл бурары жөнүндө маселелер талкууланды. Бул темалар боюнча маалыматты «Байтүшүм» банкынын Адам ресурстары бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Абдыкадырова берип өттү.
