2024-11-04


Кантөрө Токушев менен “Маркетингдеги башкы каарман” мастер-класс


Mercs.China компаниясынын маркетинг боюнча директору жана Opex санариптик маркетинг агенттигинин негиздөөчүсү Канторо Токушев семинарда  бренд түзүүдө башкы каарман концепциясын колдонуу жолдорун үйрөтүүгө багытталды.  Таасирдүү каармандарды жаратуу, бул каармандар аркылуу бренддин тарыхын калыптандыруу жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну үйрөттү. Семинардын  жүрүшүндө катышуучулар Бренддин башкы каарманы деген эмне? деген суроого жооп алуу менен бирге  ишеним жараткан жана көңүл буруучу бренд-каармандарды кандайча түзүү керектиги тууралуу түшүнүк алышты.