2025-10-17
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүндө 2025–2026-окуу жылы үчүн Студенттик кеңешке бөлүм өкүлдөрүн шайлоо 2025-жылдын 14-октябрында өткөрүлдү.
Журналистика бөлүмүнөн Табигат Эрикова, Айбийке Назарматова, Алия Жанышбекова жана Айдай Молдогазиева бөлүм өкүлү болуп шайланышты.
Журналистика бөлүмүнүнүн жетекчилиги шайлоого активдүү катышкан бардык студенттерге жана шайлоо процессинин ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон окутуучуларга ыраазычылык билдирет жана Студенттик кеңешке жаңы шайланган студенттерге ийгиликтерди каалайт.