2025-12-11

2025–2026-окуу жылынын факультет таанытуу жана багыттоо иш-чарасы өттү


2025-жылдын 10-декабрында Факультетти таанытуу жана багыттоо иш-чарасынын алкагында Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн окутуучулары Доц.Др. Махабат Конурбаева жана илимий кызматкер Сезим Жолдошбекова даярдык курсунун студенттери менен жолугушту. Иш-чарада факультеттин академиялык түзүлүшү, окуу программасы, практикалык иштер жана студенттер келечекте окуй турган сабактар тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле студенттердин суроолоруна жооп берилип, айыл чарбанын мааниси жана учурдагы илимий-изилдөө багыттары боюнча пайдалуу маек уюштурулду. Даярдоо курсунун студенттери окутуучулар менен жакындан таанышып, факультет жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 
Багыттоо иш-чаралары мындан ары да студенттердин факультет жана бөлүмдөр менен жакындан таанышуу максатында улантылат.