2025-10-03

Тармактык өнөктөштүк алкагында «Накта как» ишканасына сапар ишке ашырылды.


Кыргыз-Түрк Манас университетинин Айыл-чарба факултетинин окутуучулары жана студенттери 2025-жылдын 2-октябрында Чүй облусуна караштуу Сокулук айылында жайгашкан “Накта как” ишканасын зыярат кылышты. Аталган ишкана өз ишин 2020-жылдан тартып баштап, бүгүнкү күндө мөмө жана жашылчалардан 25 түрдүү кургатылган азыктарды өндүрүүдө. Аны менен бирге “Накта как” Кыргызстандын улуттук армиясын табигый мөмө-жемиштер менен камсыз кылууда.

Аны менен бирге Новопавловка айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги караштуу Органикалык айыл чарба департаментине барып, ал жердеги пайдалуу микроорганизмдер жана энтомофагдардын өндүрүлүүсү жана колдонулуусу боюнча маалымат алышты.