2025-09-18

Факультетибиз WAP Invest 2025 Инвестициялык Форумуна катышты


Факультетибиз 2025-жылдын 16-сентябрь күнү өткөн WAP Invest Инвестициялык Форумуна катышып, илимий ишмердүүлүгүн жана инновациялык долбоорлорун таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Форумдун алкагында факультетибиздин изилдөөчүлөрү тарабынан иштелип чыккан Basi-KG жана Metarob биопрепараттары конокторго сунушталды. Ошондой эле факультетибиздин энтомологиялык коллекциялары көргөзмөгө коюлуп, катышуучулардын зор кызыгуусун жаратты.

Мындай эл аралык иш-чараларга катышуу факультетибиздин илимий потенциалын жайылтуу менен катар, айыл чарба тармагында биологиялык күрөш ыкмаларынын маанисин баса белгилөө жагынан да өзгөчө мааниге ээ. Факультетибиз мындан ары да инновациялык иштерин улуттук жана эл аралык аянтчаларда сунуштоону улантат.