Айыл чарба факультетинин 2-курсунун практикант студенттери жана окутуучулары 2025-жылдын 12-июнь күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы талаа күнүнүнө катышышты. Бул иш-чара ФАО тарабынан каржыланган «Туруктуу азык-түлүк экосистемалары үчүн айыл чарба инноваторлору катары чакан фермерлер» аталышындагы проектин негизинде уюштурулду. Бул иш-чара жүрүшүндө студенттер талаа шартында акылдуу айыл чарба инструменттерин иш жүзүндө кандай колдонулаарын көрүштү.