Кыргызыстан-Түркия Манас университетинин (КТМУ) 30 жылдык юбилейине карата уюштурулган “Манас Жаштары” Bishkek Park соода борборунда кеңири катышуу менен өткөрүлдү. Иш-чара КТМУнун абитуриенттерге багытталган таанытуу иш-чараларынын алкагында, Көркөм өнөр факультети менен Manas TVнин биргелешкен аракети аркылуу уюштурулду.
Иш чаранын негизги максаты — университеттин академиялык мүмкүнчүлүктөрүн, социалдык жана маданий жашоосун болочок студенттерге тааныштыруу болду.
Программага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор; профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир, декандар, окутуучулар, студенттер жана шаар тургундары катышты.
Бул маанилүү иш-чарада Айыл чарба факультети да өзүнүн активдүү катышуусун көрсөттү. Факультеттин стендинде иштеген окутуучулар жана студенттер абитуриенттерге билим берүү программалары, илимий долбоорлор жана практикалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат беришти. Факультеттин тажрыйбага багытталган окуу системасы жана колдонмо иштерге чоң маани бериши көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
“Манас Жаштары” университеттин 30 жылдык тарыхын жана тажрыйбасын жаш муундарга тааныштыруу менен бирге, келечектеги студенттер үчүн КТМУну тандоого шыктандыруучу маанилүү аянтча катары бааланды.