Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Айыл чарба факультети тарабынан уюштурулган Эл аралык Манас Түрк Дүйнөсүнүн Айыл Чарбасы Конгресси университеттин 30 жылдык юбилейине карата 2025-жылдын 21–23-майы аралыгында ийгиликтүү өткөрүлдү.
“Түрк дүйнөсүндө туруктуу айыл чарба жана кызматташтык” темасында өткөн бул конгресс, түрк дүйнөсүнөн жана башка аймактардан келген окумуштууларды бириктирип, эл аралык деңгээлдеги илимий тажрыйба алмашууга жана кызматташтыкка өбөлгө түздү.
Конгресстин ачылыш аземи КТМУнун Ректорат конференц-залында болуп өттү. Иш-чарага КТМУнун проректор, профессор Режаи Доган, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, Айыл чарба факультетинин деканы, профессор Ахмет Айгүн, TİKAнын Бишкектеги координатору Мехмет Бодур, көптөгөн академиктер, коноктор жана студенттер катышты.
Айыл чарба факультетинин деканы проф. Ахмет Айгүн, бул конгресске Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан болгон алты өлкөдөн 100гө жакын илимий баяндама менен катышуу болгонун билдирди. Айыл чарба, мал чарбачылык, азык-түлүк, биотехнология, токой чарба жана ветеринария сыяктуу көптөгөн тармактар боюнча сунушталган баяндамалар түрк дүйнөсүнүн жалпы көйгөйлөрүнө чечим издөөдө жана регионалдык кызматташууну чыңдоодо маанилүү салым кошконун баса белгиледи.
Проф. Айгүн, бул конгресс КТМУнун 30 жылдык илимий потенциалын жана эл аралык деңгээлдеги академиялык көз карашын чагылдырганын, жана ал түрк дүйнөсүндөгү илимий тилектештикти чыңдаган барктуу аянтча катары мааниге ээ экенин билдирди.