2026-01-19

Манас университетинде кызматкерлер арасында волейбол жана тогуз коргоол боюнча турнир өткөрүлдү


Кыргызстан–Түркия Манас университетинде кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, командалык духту чыңдоо жана кызматкерлердин ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында волейбол жана тогуз коргоол боюнча спорттук турнир өткөрүлдү.

Жогорку уюшкандыкта жана кызыктуу атаандаштык шартында өткөн мелдештер университет жамаатынын активдүү катышуусу менен коштолду.

Волейбол мелдешинин жыйынтыгы:

  • 1-орун: Manas Gençlik

  • 2-орун: Көк-Жал

  • 3-орун: Достук

  • 4-орун: Алга

  • 5-орун: FM

  • 6-орун: MYO

Тогуз коргоол мелдешинин жыйынтыгы

Эжейлер арасында:

  • 1-орун: FM командасы

  • 2-орун: Алга командасы

  • 3-орун: Манас Генчлик командасы

  • 4-орун: Көк-Жал командасы

Агайлар арасында:

  • 1-орун: Алга командасы

  • 2-орун: Манас Генчлик командасы

  • 3-орун: Көк-Жал командасы

  • 4-орун: FM командасы

Мелдештин соңунда жеңүүчү жана байгелүү орундарды ээлеген командаларга дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды. Университет жетекчилиги мындай спорттук иш-чаралар кызматкерлердин ортосундагы ынтымакты бекемдеп, сергек жашоо маданиятын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи.