Түзүлүшү: Автоунааларды тейлөө жана ондоо программасы 2011-жылы ачылган. 14 жылдын ичинде бул прогамманы болжол менен 120 студент бүтүрдү.

Миссиябыз: Бул дүйнөлүк экономиканын болжол менен 3 пайызын (3 триллион доллар) түзгөн автомобиль секторунун өндүрүштө да, сатуудан кийинки тейлөө деңгээлинде да талап кылынган орто кесиптик билимдүү жана квалификациялуу жумушчу күчүн замандын күтүүсүнө жооп бере турган сапат жана тейлөө философиясына ылайык даярдоону максат кылган эки жылдык окуу программасы.

Концепциябыз: Түрк глобалдык автомобиль сектору талап кылган бузулууларды аныктоо, машина жана алардын агрегаттарын чогултуу, запастык бөлүктөрдү сатуу, техникалык тейлөө жана оңдоо, тейлөөнү башкаруу боюнча орто кесиптик билимдүү жана квалификациялуу жумушчу күчүн даярдоону камсыз кылуу.

Программанын максаттары: 

Программа автомобиль тармагы үчүн зарыл болгон квалификациялуу кадрларды даярдайт.  Биздин студенттер 2 тилде (түрк жана кыргыз), ошондой эле орус жана англис тилдеринде билим алышат. Биздин программанын негизги максаты - автомобиль жана машина куруу тармагындагы уюмдарда иштей ала турган кадрларды даярдап, бүтүрүүчүлөрүбүзгө «техник» деген квалификация берүү. Биздин максаттарыбыздын бири - студенттерди автомобилдердин кыймылдаткычынын, электр өткөргүчтун, электр/электроникасынын түзүлүшү, автоунааларды тейлөө жана оңдоо, кузовду боёо жана компьютердик графика сыяктуу автомобиль инженериясынын негизги багыттары боюнча теориялык жактан толук даярдануусун камсыз кылуу. Программанын угуучулары теориялык курстардан тышкары университетте бар авто-ремонттук мастерскойдун базасын пайдаланышын, ал эми жайкы жана окуу жылынын акыркы семестринде өндүрүштө практиканын убагында заманбап технологияларды жана инновацияларды колдонуу менен автоунааларды тейлөө жана оңдоо боюнча жана ага керектүү жабдууларды колдонуу боюнча көндүмдөрдү калыптандырышын камсыз кылуу.

 

Алган квалификациясы: кесиптик орто билим диплому жана «Автоунааларды тейлөө жана ондоо» кесипчилиги боюнча «техник» адистиги ыйгарылат.