2025-06-05

CAIAG уюмуна техникалык экскурсия


Компьютердик программалоо программасынын студенттери 2025-жылдын 29-апрелинде Бишкектеги CAIAG (Борбор Азия колдонмо геология институту) уюмуна техникалык экскурсияга барышты. Бул экскурсия студенттерге техникалык билимдерин жана тажрыйбаларын арттырууга мүмкүнчүлүк берди.

Экскурсиянын алкагында студенттер төмөнкү темалар боюнча маалымат алышты:

  • Кыргызстандагы сейсмикалык кыймылдар жана аба ырайы боюнча институттун жүргүзгөн өлчөөлөрү жана изилдөөлөрү,
  • Зилзалаларды алдын ала аныктоо жана эрте эскертүү системалары боюнча иштер жана аларда колдонулган техникалык жабдуулар,
  • Өлкө аймагында жайгашкан өлчөө станциялары жана ошол станциялардагы маалыматтар,
  • Алынган маалыматтарды иштетүү борборлоруна жеткирүү үчүн колдонулган маалымат берүү системалары,
  • Маалыматтарды иштетүү борборлорунда колдонулган компьютердик системалар жана программалык камсыздоолор,
  • CAIAG уюмунун башка өлкөлөр менен жүргүзгөн кызматташтыктары жана маалымат алмашуу долбоорлору.

Бул техникалык экскурсия студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө олуттуу салым кошту.